whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
31.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЧолпон-Атада ЖККУнун киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференциясы өтүүдө

Чолпон-Атада ЖККУнун киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференциясы өтүүдө

19-июнда Чолпон-Атада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) киберкоопсуздук маселелери боюнча биринчи эл аралык конференциясы башталды. Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, КМШ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин делегаттары, ошондой эле киберкоопсуздук тармагындагы алдыңкы адистер катышууда.

Жыйында кибер тобокелдиктерди алдын алуу, санариптик чөйрөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттер аралык кызматташууну бекемдөө маселелери талкууланууда.

Конференциянын ачылышында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев технологиянын тездик менен өнүгүшү менен бирге жаңы коркунучтар да жаралып жатканын белгиледи.

«Акыркы он жылдыкта биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жаңы тобокелдиктерди жана коркунучтарды пайда кылган тез технологиялык өнүгүүгө күбө болуудабыз», — деди ал.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, киберкоркунучтар барган сайын татаалдашып жатат: «Алар жеке уюмдарга жана айрым адамдарга гана эмес, бүтүндөй мамлекеттерге, экономикага, саламаттыкты сактоого, энергетикага жана башка маанилүү тармактарга да таасирин тийгизүүдө».

УКМК башчысы мындан ары да бул багытта мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстан бул жаатка олуттуу көңүл буруп жатканын билдирди.

«Ошондуктан киберкоопсуздук жаатында кесипкөйлөр коому катары бул коркунучтарга натыйжалуу түрдө каршы туруу жана санарип активдерди ишенимдүү коргоону камсыздоо үчүн биргелешип иштешибиз керек.

Кыргызстан киберкоопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурат, бул олуттуу финансылык ресурстарды бөлүүдө гана эмес, заманбап жабдыктарды, программалык камсыздоо, бул жааттагы мамлекеттик кызматкерлердин адискөйлүгүн системалуу жогорулатуу, алардын эмгек шарттарын жакшыртуу, андан тышкары улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүдө дагы байкалууда», — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Кыргызстанда «Киберкоопсуздук жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде санариптик криминалистика лабораториясы жана Кибер жаңжалдарга ыкчам чара көрүү борбору түзүлүп, 2024-жылдан тарта 5 миллионго жакын киберчабуул катталган. Алардын 71% ийгиликтүү жок кылынса, 29%ы локалдуу деңгээлде нейтралдаштырылган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар