whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
31.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда КМШга мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча V отуруму өттү

Кыргызстанда КМШга мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча V отуруму өттү

Кыргызстанда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (омбудсмендеринин) комиссиясынын бешинчи отуруму болду.

Отурум Кыргыз Республикасынын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын төрагалыгы алдында өтүп, ага балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин эксперттери жана коомдук ишмерлери катышты.

Күн тартибинде балдардын укуктарын камсыз кылууга жана коргоого тиешелүү 13 актуалдуу маселе каралды. Негизги темалардын арасында:

• өспүрүмдөрдү каникул мезгилинде жумуш менен камсыз кылууну уюштуруу;

• баланын үй-бүлөдө жашоо укугун камсыз кылуу жана альтернативдүү кам көрүү системасын өнүктүрүү;

• балдарды эл аралык деңгээлде уурдоонун укуктук аспектилери;

• психофизикалык өзгөчөлүктөрү бар балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүдө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

• 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү максаттарынын контекстинде балдардын укуктарын ишке ашыруу;

• сейрек кездешүүчү (орфандык) оорулары бар жашы жете электердин укуктарын коргоо.

Балдардын укуктары жана кызыкчылыктарына тиешелүү чечимдерди кабыл алуу процесстерине балдарды өздөрүн тартууга багытталган КМШнын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу комиссиясынын алдында Балдар кеңешин түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын алкагында катышуучулар Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарышып, кийинки комиссиядагы төрагалык Беларусь Республикасынын комиссиясынын мүчөсүнө өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле Шериктештик өлкөлөрүнүн балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу аппараттарынын, мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин кызматкерлерине Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу комиссиясынын Ардак грамотасын тапшыруу аземи болуп өттү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар