Башкы беткеМаанилүүТөрт күндө кыргыз-тажик чек арасынан дээрлик 5 миң адам өттү

Төрт күндө кыргыз-тажик чек арасынан дээрлик 5 миң адам өттү

13-17-март аралыгында кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү пункттарынан 4,9 миң адам өттү. Бул тууралуу КР Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Эң көп каттам «Кайрагач» постунда катталды – 3,7 миң адам. Кызыл-Бел аркылуу 659 адам чек арадан өтсө, дагы 477 адам аба транспортун колдонгон.

Эске сала кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан “Кайрагач” Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарын эки тараптуу өткөрүү пункту катары иштейт. Өз кезегинде «Кызыл-Бел» эл аралык өткөрүү пункту статусуна ээ жана Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн жеткиликтүү.

Эки өткөрүү пункттары тең күнү-түнү иштеп, жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да ташууну камсыздайт.
Кыргыз-тажик чек арасында жалпысынан беш расмий өткөрүү пункту бар: Кулунду, Кызыл-Бел, Кайрагач, Карамык жана Бор-Дөбө.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар