Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаАзык-түлүк коопсуздугун ким ойлойт?

Азык-түлүк коопсуздугун ким ойлойт?

Айрым кыргыз агрономдору, саясатчылары, эксперт аталгандары оозун ачса эле «Кыргызстан тоолуу, сууга, мөңгүгө бай өлкө. Эт, сүт, сүт азыктарын, жашылча, мөмө-жемиштерди өндүрүп экспорттосок эле экономикабыз укмуш өнүгөт” деп саймедирешет. Туура, биздин өлкөнүн территориясынын төрттөн үч бөлүгүнөн көбү (94 пайызы) тоолор, адырлар. Ошондо колго илинерлик айдоо аянтыбыз жалпы территориянын 6 пайызы болуп жатат. Тилекке каршы, ошол негизи тоют, азык бере турган алакандай жерибизди туу ра иштете албагандыктан жем, чөп, бодо мал, кой, эчкинин, эттин, эт азыктарынын, жалпы эле айыл чарба азык-түлүктөрүнүн баасы туруктуу болбой келе жатат. Былтыр жаан-чачын көп болгондуктан “ташка да чөп чыгып”, жем, чөп арзан болгон. Быйыл күн катуу ысыганына байланыштуу тоют баасы эмитеден эле көтөрүлүп, фермер, дыйкандарды санаага салып турат. Ошол эле учурда Кыргызстандын суулары коңшу мамлекеттерге ит бекер агып кирип, алар жүздөгөн, миңдеген гектар айдоо аянттарынан миллиарддаган доллар кирешелерди алып жатат. Биз болсо арыгыбыздагы сууну пайдалана албай, Кудайдын жаан-чачынынан үмүт кылып отурабыз.

Суу бар туруп суусайбыз

Башка облустарга салыштырмалуу бышыкчылыктуу делген Чүй облусунда багуусу туура болсо беде үч жолу чабылат. Чүйлүк дыйкандардын айтымдарында, эгер беде өз убагында каныга сугарылып, күн жакшы жылып берсе биринчи чабыкта гектарынан 400-450 түк беде же бир гектардан 45-50 центнер арпа, буудай алса болот. Тилекке каршы, өткөн жылдарда сугат системасына республикалык деңгээлде маани берилбегендиктен суу бардык талааларга текши жетпей калган. Анын үстүнө жеке менчик жер ээлери да союз доорундагыдай жерди пландуу иштетпей, химиялык жер семирткичтерге басым жасай берип айдоо аянттарынын басымдуу бөлүгү жедеп арыктап, деградацияга учурай баштаганы да жашыруун эмес. Буга жөнөкөй эле мисал, акыркы жылдарда түшүмдүү делген Чүй талааларынан дыйкандардын көбү гектарынан 150-200 түк беде же 25-28 центнер гана арпа, буудай алып калышкан. Мындай аз түшүм алуунун башкы себеби сугат суунун жана органикалык жер семирткичтердин жетишсиздиги. Сугат суу жетишсиз болгондуктан азыр Чүй эле эмес башка облустарда дагы тоюттун аз, көп жана арзан же кымбат болушу жаан-чачынга көз каранды. Алсак, былтыр Чүй жергесинде аба-ырайы жаанчыл болгондуктан чөп жакшы чыгып, бир түк беде 150-200 сомдон сатылган. Дан эгиндердин түшүмү да жакшы болуп тоюттук арпа, буудайдын килограммы 10-12 сом болгон. Быйыл июль айынын башы катуу ысып, жаан-чачын болбогондуктан дан эгиндери жакшы дан албай күйүп кетсе, беде, табийгый чөп көтөрүлбөй калган. Ошол себептен учурда бир түк беде 350 сомго, орто сапаттагы арпанын килограммы 20-22 сомго чыкты. Азыртадан жем, чөп мындай баада сатыла баштаса, демек күзүндө мал арзандап, кышкысын эт баасы дагы жогорулайт.

Ижарага бербесек ирденбейбиз

Мындай өйдө-ылдый баа болбос үчүн албетте, алыскы Швейцария өлкөсүндөгүдөй мамлекет иштетилбей бош жаткан адырларды, сайлардагы түзөң жерлерди иштетүүгө кызыкчылыгы бар жарандарга көп жылдык мөөнөткө ижарага берсе туура дешет адистер. Бул өлкөдө мал чарбачылыгын жүргүзөм дегендерге мамлекет алыскы жайлоолордон, адырлардан көп жылдык мөөнөт менен ижарага жер берип, ал жерлерге көп жылдык чөптөрдү эгип, мал багып, жеңил конструкциядагы коттедж, үйлөрдө туристтерди кабыл алууга уруксат берет. А фермерлер ал жерлерде кой, уй багып, өзүнө тиешелүү жерлерди асылдандырып, бак-дарак өстүрүп, туристтерди тосуу менен кошумча киреше табышат. Ошону менен бирге эле алар адырлардан, жайлоолордон тоют да камдашат. Мамлекетке жер ижарасын жана тапкан кирешесинен салыктарды төгүп турушат. Кыргызстанда да акырындык менен бул иш колго алынса суу жетпей жаткан адырлардын, түзөң жерлердин көбү көркүнө чыгып, тоют көлөмү арбып, чет өлкөлүк туристтер агымы көбөймөк. Акыркы эки жылда мындай көрүнүш алыскы Ат-Башы районунда аз-маз жандана баштаганы кубандырат. Бирок, бул иш республика боюнча бирдиктүү бир тартипке, системага салынышы керек.

Камчыбек Ташиев да кабатыр

Жайлоо, кыштоолорду бир эле мезгилде мал чарбачылык жана туристтик багытта колдонуу тажрыйбасы коңшу Кытай өлкөсүндө да бар. Ал жакта малчылардын кыштоодогу үйлөрү бир типте салынып, жайкысын туристтерди тосконго ыңгайлашкан. Жай айларында чабандардын үй-бүлөсү жайлоолорго чыгып кетип, кыштоодогу үйлөрдө үй-бүлө мүчөлөрүнүн эки-үчөө туристтерди кабыл алышат. Аларды малчылар керектүү сүт, эт азыктары менен камсыз кылышып, аттар менен кооз жерлерди кыдыртышат. Ошентип Кытайдагы малчылар мал багуу менен бирге эле туристтерди кабыл алуудан да жакшы киреше табышат. Кыргызстанда болсо алыскы, жакынкы жайыттар иретсиз пайдаланылып, мезгил-мезгили менен эс алдырылбай, күзүндө мал жакага эрте түшкөндүктөн жайыттар да, айдоо аянттар да мал туягына эзилип, эрте такыраят. Жыйынтыгында адырлардан да, айдоо аянттарыбыздан да керектүү көлөмдө түшүм ала албай келебиз. Андыктан “Колдо бар алтындын баркы жок” кылбай жайыттарды, айдоо аянттарын, сугат сууларды туура, максаттуу, натыйжалуу пайдалануубузга өтүүбүз кажет. Буга маани бербесек жакынкы жылдарда жерлер эрозияга учурап, органикалык таза азык-түлүксүз, эт-сүтсүз калып, сырттан келген ар кандай зыяндуу азыктарды жеп каларыбыз анык. Ансыз деле азыр Кыргызстандагы азык-түлүктүн 80 пайызы импорт менен келет. Азык-түлүк демекчи, жакында эле “Фрунзе” машина куруу заводуна барган Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы тамак-аштын сапаты жана баасы учурда олуттуу маселе экенин эске салды.

Фермерлер кайда, Европа, Лондондо…

Акыркы жылдарда Министрлер Кабинети тарабынан айыл чарбаны көтөрүү багытында бир топ аракеттер болуп жатканын тана албайбыз. Бирок, фермерлер дагы да болсо ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Алсак, аларда аз кирешелүүлүк, жер иштетүү технологиясынын эскилиги, климаттык өзгөрүүлөрдөн пайда болгон кыйынчылыктар, техника, күйүүчү майдын, үрөндүн, органикалык жер семирткичтердин кымбаттыгы, жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр арбын. Жашырганда эмне, азыр өндүргөн продукциясын жакшы баада сата албагандыктан кыргызстандык фермерлер айына орточо эмгек акыдан төмөн киреше табышат. Буга мисал, Мөмө-жемиштерди өндүрүү ассоциациясынын  төрагасы Тилек Токтогазиевдин айтымында, Кыргызстанда фермер жылына 1524 доллар киреше тапса, Израиль, Нидерланды өлкөлөрүндө бир фермер жылыга 80 миң долларлык продукция чыгарат.

Анын үстүнө ата-мекендик фермердик чарбалардын товарлары көп учурда импорттук товарларга атаандаштык жарата албагандыктан алар өздөрүнө керектүү ресурстарды убагында сатып ала алышпайт. Климаттык өзгөрүүлөрдөн улам кургакчылык, сел жүрүүлөр түшүмдүүлүккө чоң зыян алып келип жатканын да көрүп жатабыз. Мындай учурда чыгашаларды жарым-жартылай же толук жабууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик органдар, банктар бизде жок. Айыл чарбабыздын негизги маанилүү тармагы болгон жайыттарыбыздын көбү жылдан жылга такырайып бара жатышы да мал чарбачылыгы үчүн өтө кооптуу. Ошондой эле фермерлер өзүнүн чарбасын кеңейтүүдө жеңилдетилген үстөк пайыздагы насыяны алууда бюрократиялык тоскоолдуктарга кептелип жатканын дайыма айтып келишет. Мына ушундай себептерден улам дыйкан, фермерлердин көбү кесибин алмаштырып, чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болгон жагдайлар да бар. Кирешеден чыгаша көп болгондуктан акыркы жылдарда жер иштетип, фермерлик кылууга кызыккан жаштар азайды. Ошол эле кезде айыл чарбачылыгына идиректүү, ишке жарамдуу жаштар шарт жакшы түзүлгөндүктөн чет мамлекеттерде жер иштетип, фермерлик кылып жүрүшөт. Бул албетте, барып-барып экономикабызды артка тарта турган фактор болорун эстен чыгарбашыбыз керек.

Эмне кылышыбыз керек?

Кыргызстандын экономикасынын негизин түзгөн айыл, мал чарбачылыгы кургуйга кетпес үчүн мамлекет ири алдыда жаратылыш ресурстарын сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялануу чараларын көрүшү керек. Ошол эле жайыттардын деградация болушуна, кен байлыктардын иштетилиши менен экологиянын бузулушуна, кар, жер көчкү, селдердин жүрүшүнө, кургакчылыкка каршы аракеттерди күчөтүү учур талабы болуп турат. Мындан сырткары алыскы жайыттарга баруучу жолдорду оңдоп, кыштоолордо тоют, азык-түлүк камдоочу жайлар, малчыларга климаттык оор шарттарда медициналык, материалдык, моралдык жардам көрсөтүүчү жайлар курулушу шарт. Мындан сырткары кайрак жерлерге суу чыгаруу, айдоо аянттарын кеңейтүү, жогорку түшүмдүү өсүмдүктөр сорту менен камсыздоо, айыл чарбасына санариптик технологияны киргизүүнү жайылтуу, сугат системасын жана жерлерди мелиорациялоону өнүктүрүүдө мамлекет элеттик дыйкан, фермерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө тийиш. Кудайга шүгүр, республикабыз турктуу өнүгүү жолуна түшүп, масштабдуу жана позитивдүү өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Президент С.Жапаров демилгелеген мегадолбоорлор реалдуу ишке ашырылып жатат. Акыркы эки-үч жылда Кыргызстандагы курулуш ургаалдуу жүрүүдө. Көптөгөн  бала бакча, мектеп, ооруканалар курулуп жатат. Бирок, геосаясий абал курчуп, климат табышмактуу болуп турган чакта биринчи адам ресурсун сактоого, тактап айтканда, кыргызстандыктардын азык-түлүк, саламаттык коопсуздугун сактоого терең маани беришибиз кажет. Муну айтканым, кокус өлкөбүздө же дүйнө жүзүндө кургакчылык, жер титирөө, сел сыяктуу масштабдык климаттык кескин өзгөрүүлөр болуп кетсе убактылуу жей турган наныбыз, тамак-ашыбыз болгону дурус. Себеби, ар кандай жаратылыш апааттарында, согуш болгондо адамга эң биринчи тамак-аш, кийим-кече керек экенин күн сайын колубуздагы чөнтөк телефондордон көрүп, билип жатабыз. Андыктан, ар бир чарчы метр айдоо аянтын көздүн карегиндей сактап, багууну үйрөнсөк дейт элем.

 

Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар