whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКалыгул Жусуповдун өмүр жолу — тарыхыбыздын көркөм барагы!

Калыгул Жусуповдун өмүр жолу — тарыхыбыздын көркөм барагы!

Тарыхта элине кызмат өтөп, ар намыс, акылмандык жана билим менен өз жолун татыктуу басып өткөн адамдар бар. Алардын өмүр жолу — бүтүндөй муундар үчүн сабак, эскерүү, илхам. Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы астында биз ошондой инсандардын бири — тылдын эмгек баатыры, көрүнүктүү окумуштуу, агартуу ишмери жана КРнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Калыгул Жусупов тууралуу сөз кылабыз.

Эл ичинен илим дүйнөсүнө чейинки жол

1934-жылы 5-майда Нарын облусунун Жылан-Арык айылында жарык дүйнөгө келген Калыгул Жусуповдун тагдыры – элдик тагдыр. Анын түпкү теги Чоң-Кеминден, атасы Жусуп Казакбай уулу Кара-Чийден, ал эми өзү төрөлүп-өскөн жер – Ак-Талаа районунун Жылан-Арык кыштагы. Бир туу-гандары чарчап, жалгыз уул болгон Калыгул байке ата-энесинен ажырап, өмүр сыноосуна эрте дуушар болот. Бирок ошол жашынан эле эмгекке аралашып, тагдырды бийликке алууну үйрөнөт.

Бала чактан фронт үчүн эмгек майданына

Согуш жылдары: фронтто – ок, тылда – эмгек. Жети жашар Калыгул Жусупов дал ошол мезгилде эрте чоңойгон балдардын бири болду. Эркектердин баары майданга аттанып кеткенде, тылда калган апалар, чоң энелер жана алардын жанындагы жаш балдар «Баары фронт үчүн! Баары Жеңиш үчүн!» деген ураан менен күнү-түнү эмгектеништи. Бул чакырык алардын турмушунун ураанына айланды.

Калыгул да өз айылында, Куланак районуна караштуу «Пионер» колхозунда күнү бою талаада жүрдү. Арык казды, машак терди, суу сугарды, кой кайтарды, туутта жардам берди, чөп чапты, эгин тазалады. Ал фронтко ок атпаса да, ар бир кыймылы менен Жеңишке салым кошкон. Чын дилинен, таза көңүлү менен иштеди. Бул жөн гана эмгек эмес – бул баатырдык болчу. Ошондуктан 1947-жылы, болгону 13 жашында, ал «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган.

Билим – тагдыр, мугалимдик – жүрөк иши

1954-жылы Нарын педагогикалык институтун артыкчылык диплому менен аяктаган соң, мугалим болуп эмгек жолун баштайт. Советтик Армияда кызмат өтөп келген соң, Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, аны дагы артыкчылык диплому менен аяктайт. Алгач окутуучу, кийин аспирант, теоретик-математик, илимпоз катары Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы МГУда кандидаттык диссертациясын коргоп, илимдин кандидаты болот.

Илим жана элге кызмат

1969-жылдан тарта Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда 40 жылдан ашык убакыт окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы, профессор катары эмгектенет. 2010-жылы ага «И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору» наамы ыйгарылат. 85 жашка чыкса да сабак берүүнү улантып келет.

Ал 9 окуу китептин жана 110дон ашуун илимий макаланын автору. 1990-жылдары «Азаттык» үнал-гысынын сырт кабарчысы катары радиоберүүлөрдү даярдаган.

Жеке өмүрү – үлгү

Аялы Салийбүбү жеңе менен 50 жыл өмүр сүргөн. 4 уул, 1 кызы – жогорку билимдүү, жоопкерчиликтүү инсандар. Небереси Данияр Улан уулу 2010-жылы АКШ президенти Барак Обаманын колунан алкоо кат алган.

Сыймык – элдин баасы

2012-жылы окуу китептеринин авторлорунун катарында Калыгул Жусупов Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Анын аты бүгүн Жылан-Арык айылындагы орто мектепке ыйгарылып, жаш муундарга өрнөк болууда.

Урматтуу Калыгул байке!

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы алдында сизге бекем ден соолук, бейпил карылык, уул-кыздардан, неберелерден урмат-сый, элиңизден таазим жана кадыр-барк каалайбыз! Сиздин өмүр жолуңуз – тарыхыбыздын көркөм барагы!

А.АКИМБАЕВА

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар