Касым-Жомарт Токаев Эмомали Рахмон менен Астана шаарында жолугушту. Маалыматка ылайык, Тажикстандын президенти экологиялык саммитке жана Аралды куткаруу боюнча эл аралык фонднун негиздөөчү мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар казак-тажик эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого макулдашышты. Айрыкча соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана суу-энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле мамлекет башчылары мурда жетишилген келишимдерди толук ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешип, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Белгиленгендей, 22–24-апрель күндөрү Астанада өтө турган экологиялык саммит Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана климаттык, экологиялык көйгөйлөр боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгууга багытталган.
