Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, журналист Мукамбет Абдыкеримов 1921-жылы касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде, абасы жанга жагымдуу Чоң-Сары-Ой айылында төрөлгөн.
Ал Чоң-Сары-Ой айылындагы жети жылдык мектепти 1938-жылы мыкты баалар менен аяктаган. Андан кийин билим алууга далалат кылган Мукамбет Каракол шаарындагы айыл чарба техникумунда окуйт. Ошол күндөрү Батышта согуш өртү чыгат.
Дүйнө жүзүн өрт алып,
Кара жалын каптады.
Кыяндай жүрөт шаркырап,
Кызыл кандын акканы.
Ушундай апаат күндөрдө,
Уяттан уят эмеспи,
Уулуңдун үйдө жатканы, – деп Жоомарт Бөкөнбаев жазгандай, 1941-жылдын
1-декабрында Мукамбет Абдыкеримов өз ыктыяры менен майданга аттанган.
Мукамбет Биринчи Белорусь фронтунун курамында Дон суусунун жээгиндеги фашисттерди сүрүп чыгарууга катышат. Ал минометтук топто кызмат кылат. Бул минометтук топ душмандын траншеяларын кыйратып, ок атуучу точкаларын жок кылат. Айыгышкан катуу салгылашууларда тайманбас эрдиги жана күжүрмөндүк көрсөткөндүгү үчүн ал 115-минометтук тобуна командирликке дайындалган.
Көп өтпөй майданда жарадар болуп, госпиталга жатып дарыланып чыккандан кийин, Лепильск минометтук артиллериялык аскер окуу жайына жиберилет, аны Улуу Жеңиштен кийин лейтенант деген наамды алып, бүтүрүп чыгат.
Андан кийин Түндүк-Чыгыш Азияда мекен чегинде взводдун командири болуп кызмат кылган. Согуш мезгилинде каармандыкты, эрдиктин үлгүсүн көрсөткөндүгү үчүн «Кызыл Жылдыз», биринчи даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордендери, «Сталинградды коргогондугу үчүн», «Германияны женгендиги үчүн» ж.б. медалдар менен сыйланган.
1947-жылдын 30-июлунда сүйүктүү кичи мекени болгон Ысык-Көлгө кайтып келет. 1951-жылы Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтуна сырттан окууга өтүп, тарых бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган.
Мукамбет Абдыкеримов эмгек жолун жаштардын «Ленинчил жаш» газетасында бөлүм башчы кызматынан баштап, маанилүү жана кызыктуу кабарларды, репортаждарды, макала, сүрөттөмө, очерктерди жарыялап турган. Ошол эле учурда КПСС Борбордук Комитетинин жогорку партиялык мектебин бүтүргөн.
1968-жылы Мамлекеттик телевидение жана радио комитетинин «Акыркы кабарлар» редакциясында, башкы редактордун орун басары катары жооптуу кызматта иштеген. Тажрыйбалуу, иш билги Асанбек Токомбаевдин жетекчилиги астында, мыкты журналисттер Жумакадыр Егембердиев, Октябрь Эмилов, Мустафа Өмүрзаков болуп көп жыл бирге күжүрмөндүүлүк менен эмгектенип, «Акыркы кабарлар» редакциясынын өсүп-өнүгүшүнө зор салымын кошкон. СССР журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
Мукамбет Абдыкеримов ата 1981-жылы ардактуу эс алууга чыкса дагы, «Советтик Кыргызстан» газетасында штаттан тышкаркы кабарчылык кесипти аркалап келген. 1996-жылы көзү өткөн.
Малик АККӨРПӨЕВ,
Ысык-Көл району,
Чоң-Сары-Ой айылы