Башкы беткеСаясат жана коомКоомОрусияда чет элдиктердин жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү узартылды

Орусияда чет элдиктердин жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү узартылды

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Орусияда чет элдик жарандардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү 10-сентябрга жылдырылды. 

Маалыматка ылайык, күн мурун кыргыз тараптын демилгеси менен элчи Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын президентинин администрациясынын Чет өлкөлөр менен аймактар ​​аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси И.Маслов менен жолукту. Анда Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүү маселелери, кыргызстандык мигранттардын катышуусунда Москвадагы мончо комплексинде болгон жаңжал талкууланды.

Элчи Бөкөнтаев болуп өткөн окуяга тынсызданып жатканын айтып, россия тараптан аталган маселени адилетүү жана акыйкат кароону суранды.

Мындан тышкары, жолугушууда россия тарап РФ президентинин жарлыгынын колдонуу мөөнөтүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылганын билдирди. Мындай чечим Россиянын аймагында мыйзамсыз жашаган чет элдик жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар