Бишкек шаарында 30-марттан 2-апрелге чейин С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу театрдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында бишкектик көрүүчүлөр дүйнөлүк жана улуттук классиканын негизинде коюлган бир катар жаңы спектаклдерди көрө алышат.
30-март күнү “Бир келип кетчи Ош жакка” спектакли саат 18:30да Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры сахнасында коюлат. Ушул эле спектакль 31-март күнү да ошол эле убакта көрүүчүлөргө сунушталат.
1-апрелде программа өзгөчө бай болот. “Таштабачы, апаке” спектакли саат 11:00 жана 15:00дө Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры сахнасында көрсөтүлөт. Ошол эле күнү “Кош дегим келбейт” спектакли саат 14:00дө, ал эми “Соно” спектакли саат 18:30да Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры көрүүчүлөргө тартууланат.
2-апрелде “Таштабачы, апаке” спектакли кайрадан саат 11:00 жана 15:00дө Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры сахнасында коюлат. Ал эми жумалыктын жыйынтыгында “Курманжан” спектакли саат 18:30да Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры сахнасында көрсөтүлөт.
Белгиленгендей, бул маданий иш-чара театр искусствосун өнүктүрүүгө жана көрүүчүлөргө сапаттуу чыгармаларды тартуулоого багытталган.


