Афганистан бийлиги 16-март күнү Кабул шаарына Пакистан аскерлери абадан сокку урганын билдирди. Бул тууралуу эл аралык маалымат агенттиктери жазды.
“Талибан” кыймылынын өкүлү Забихулла Муджахид бул чабуулду «кылмыш жана адамгерчиликсиз аракет» деп атады.
Афган бийлигинин маалыматына караганда, сокку наркологиялык борборго тийген. Натыйжада кеминде 400 адам каза болуп, дагы 250гө жакыны жаракат алган. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00 чамасында болгон чабуулда 2000 орунга эсептелген имараттын көп бөлүгү талкаланган.
Өз кезегинде Пакистан бул айыптоолорду четке кагып, маалыматты «жалган жана адаштыруучу» деп атады. Расмий билдирүүгө ылайык, соккулар жалаң гана аскердик объекттерге жана террорчуларды колдогон инфраструктурага багытталган.
Эки өлкө ортосундагы чыңалуу 22-февралда күч алган. Анда Пакистан “Техрик-и-Талибан Пакистан” тобунун позицияларына сокку урган. Бир нече күндөн кийин Афганистанда бийликте турган “Талибан” кыймылы чек арага жакын аймактарда чабуул баштаган. Буга жооп катары Исламабад талибдерге каршы «ачык согуш» жарыялаган.

