Жеңилдетилген пайызда айыл чарба техникаларын алууга каражаттар берилүүдө

2026-жылы Кыргызстандын фермерлери мамлекеттик лизинг программаларынын алкагында жалпы суммасы 3,7 млрд сомду түзгөн 1 089 даана айыл чарба техникасын алышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, техникаларды жаңылоо иши 2011-жылдан бери Айыл Банк жана Элдик Банк аркылуу өкмөт тарабынан ишке ашырылып жаткан жети долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө техника алууга каражат жеңилдетилген 6 пайыз менен 7 жылга берилет. Бул колдоо агрардык тармакты терең модернизациялоого багытталып, чарбаларга өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана түшүм жыйноодогу жоготууларды азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Лизинг механизмдери ишке киргенден бери, башкача айтканда 2011-жылдан 2026-жылдын март айына чейин өлкөнүн дыйкандары жалпы 11 378 даана техника сатып алышкан. Бул мезгил аралыгында каржылоонун жалпы көлөмү 32 млрд сомду түздү

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз