Полотнодогу философия

Таланттуу кыл калем чебери, живописчи, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаты Талгат Бокоев –  Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын «Станкалык живопись» факультетинин бүтүрүүчүсү. КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.

Сүрөтчүнүн чыгармалары Кыргызстанды айтпайлы, КМШ өлкөлөрүндөгү, Германиядагы, Франциядагы, Италиядагы, Түркиядагы жана башка өлкөлөрдөгү жеке коллекцияларда сакталуу экендиги Талгат Бокоевдин талант-дараметинин бийиктигин белгилейт.

Мындан эки жыл мурда «М Галереясында» бишкектиктер жана борбор калаанын коноктору үчүн «Шаар мотивдери» көргөзмөсү өтүп, анда жаш, бирок таанымал сүрөтчүлөр Талгат Бокоев менен Жаныбек Сүйүнбековдун 50дөн ашык живопистик эмгектери коюлуп, түрдүү натюрморттордон жана декоративдик композициялардан баштап, реалисттик полотнолорго чейинки иштер тартууланган.

Жарык менен көлөкөнүн, муздак жана жылуу өңдөрдүн, каныккан жана өңү өчкөн түстөрдүн контрастында жаралган пейзаждар көрүүчүлөргө өзгөчө ой калтырып, суктандырганы, сүрөт өнөрүнө жаш, таланттуу жаңы муундун келгендиги айкын болгон. Ал картиналар көрүүчүнү биринчи көз ирмемден эле күчтүү энергиясы, сюжеттердин жөнөкөйлүгү жана автордун эмоционалдуулугу менен багындырганын, шаардык жана айылдык пейзаждар, эски короо-лор, балалыктан калган эскерүүлөрдөй, ушунчалык ишеничтүү болгонун белгилеп коюшубуз керек. Жаш живописчилер көпчүлүк көңүл буруп байкай албаган биздин аймактын керемет кооздугун көрсөтө алышкан.

Учурда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде жаш кыл калем чеберлери Таалай Мусурманкулов, Талгат Бокоев жана Арстан Дукуевдердин “Жол” аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөнүн ачылышына катышкан мамлекеттик катчы Арслан Койчиев фейсбук баракчасында Талгат Бокоев тууралуу: “Джеймс Джойс жана Талгат Бокоев.

Сүрөтчү үлгүрүп калган экен!” деп жазды.

Сөз Бишкек шаарындагы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эски имараты тууралуу болуп жатат. «Шаар көрүнүшү тууралуу башка темадагы сүрөт тартканы жаткам. Анан эле бир эже келип, кайран имаратты бузганы жатышат, тарых үчүн тартып койбойсуңбу деди», –  дейт сүрөтчү Талгат Бокоев.

Ошондо Талгат Бокоев музыка өнөрүнүн бир нече муунун даярдап чыгарган бул окуу жайынын эски имаратын тартып калганга үлгүргөн экен. Сүрөттүн стили: импрессионизм.

Ал эми мамкатчы А.Койчиев эске салган, ирландия-лык жазуучу Жеймс Жойс кезегинде минтип жазган экен: «Непада, Дублин шаары жер бетинен жексен болуп жоголуп кетсе, менин китебим аркылуу калыбына келтирилсе болот».

Бул көргөзмөгө алыскы Түркиядан бери салам жолдошуп: “Анталия, Стамбул, Гуресун, Кападокия, Анкарадан ушу көргөзмөнү көзүбүз толо көрөбүз деп келгендерге ысык салам.

Кандай гана бактылуу элсиңер, ушу үч жигит зымырап өтүп бара жаткан заманды токтоткондой, холст беттеринде алдыңарга төшөп жатышат. Бул жигиттер эч кимдин жардамы дебей, эч бир коомдук, мамлекеттик каржылоолорду колдонбой өзүнүн ичинен толгонгон тынчын алган сезимдерди сиздерге сунуп олтурушат.

Мен булардын эмнеден баштап, кандай гана кыйынчылык болбосун бардыгына туруштук берип, талыкпай эмгек кылгандарынын толук күбөсүмүн, эми мына астыңарга ошонун жыйынтыктарын сунуп олтурушат.

Таалай, Талгат, Арстан деген үч жигиттин элибизде бар экенине сүйүнгүлө, барктайлы, колдойлу мындан ары.

Өзүмдүн алыс болуп калганымдын себебинен ушул кыска сөзүмдү узаттым. Саламым менен Түркиядан Болотбек” – жылуу каалоолорун билдирип жатышат. Биз да ошол каалоолорго кошулабыз.

 

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз