Айт намазы мечиттердин аймагында гана өткөрүлөт

Орозо айтта коомдук тартипти 10 миңден ашуун милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Айт намазы мечиттердин аймагында гана өткөрүлөт. Майрам күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурушат.

Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз