whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаДыйкандарды колдогон экономикалык бирикмелер ишке кирет

Дыйкандарды колдогон экономикалык бирикмелер ишке кирет

Кыргызстанда өзгөчө экономикалык бирикмелер ишке кирип, дыйкан-фермерлердин керектөөсүн камсыз кыла баштайт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө экономикалык бирикмелерди ишке ашыруу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда.

Мында – экономикалык ишканалардын, кооперативдердин, бирикмелердин айланасында дыйкан-фермерлерди топтоп, аларды дал ушул өзгөчө экономикалык бирикмелер суу, сапаттуу үрөн, көчөт, мал уругу, жер семирткичтер, айыл чарба техникасы менен жеткиликтүү камсыз кылат.

Андан соң чакан кайра иштетүү өнөр жайларын ишке берүү, соода логистикалык борборлорду куруу, даяр продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү каралган.

Мындан сырткары, элеттиктерди агро ресурстарды туура пайдалануу боюнча окутуу, жаш кадрларды даярдоо жана башка бир топ багыттарда ишмердүүлүгүн жүргүзөрү белгиленген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар