Президент Садыр Жапаров 19-ноябрда Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсүн, ККП БКнын Тышкы иштер боюнча комиссиясынын Канцеляриясынын башчысын, Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселелери, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу кеңири талкууланды.
Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилелери бүгүнкү күндө тарыхый бийиктикке жеткенин белгилеп, Ван Инин ар бир сапары эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жаңы мазмун жана дем берип жатканын айтты. Мамлекет башчысы практикалык кызматташтыкты күчөтүүнүн маанисин белгилеп, темир жана автомобиль жолдорун куруу, жаңы авиакаттамдарды ачууну, ошондой эле ар түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгын баса белгиледи.
Президент ошондой эле көп тараптуу кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын, айрыкча Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында жана “Борбордук Азия – Кытай” форматында өз ара аракеттенүү жаңы деңгээлге чыкканын билдирди.
Өз кезегинде Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Садыр Жапаровго Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди. Ал үч жыл мурда Кыргызстанга болгон сапарынан бери өлкөдө олуттуу ийгиликтерге жетишилгенин белгилеп, Кытай ынак кошуна жана дос катары бул жетишкендиктерге чын дилинен кубанаарын кошумчалады. Ван И эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн, коңшулаштыктын жана кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, Кыргызстанда иштеген кытай компанияларына мыйзамдарды так сактоо жана жергиликтүү каада-салттарды урматтоо боюнча талаптар жеткирилгенин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге жылуу салам жолдоп, ийгилик каалады, ал эми Ван Иге мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалоо менен кабыл алуу аяктады.

