whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.12.2025
2.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтыгынын 24-министрлик конференциясына катышты

Адылбек Касымалиев Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтыгынын 24-министрлик конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтыгынын (БАЭК) 24-министрлик конференциясына катышып, Кыргызстан аймактык интеграция процесстерин мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди. Ал өз сөзүндө БАЭК платформасы региондогу байланыштарды чыңдоого, соода жана инвестиция агымдарын кеңейтүүгө, экономикалык өсүштү тездетүүгө жана туруктуулукту бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келе жатканын белгиледи.

Касымалиевдин айтымында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, өзгөчө Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен аймактык мааниге ээ ири долбоорлор ишке ашырылып, техникалык консультациялардын аркасында алардын натыйжалуулугу камсыздалууда. Ал БАЭК демилгелеринин негизинде аймактык рынокторго жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк кеңейип, сооданын өсүшүнө шарт түзүлүп, Кыргызстан транспорттук-логистикалык хаб катары чыга баштаганын кошумчалады.

Министрлер Кабинетинин башчысы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары региондогу соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук коридорлорду модернизациялоо жана мультимодалдык эл аралык маршруттарга интеграциялоону атады. Ошондой эле чек арадагы процесстерди тездетүү жана ачык-айкын кылуу үчүн «бирдиктүү терезе» улуттук маалыматтык системаларын толук кандуу киргизүүгө көмөктөшүү маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, бул чаралар бажы процедураларын шайкеш келтирүүгө жана сооданын кыймылын олуттуу жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.

Ал адамдык капиталды өнүктүрүү да аймактык интеграциянын негизги бөлүгү экенин баса белгилеп, БАЭК өлкөлөрүнүн эмгек рыногу боюнча маалыматтык системаларын интеграциялоо багытындагы иштерди улантуу зарылдыгын айтты. Касымалиев Кыргызстан БАЭК алкагындагы бардык өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга активдүү катыша берерин белгилеп, платформанын мындан аркы өнүгүшүнө даярдыгын билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучу тараптар бир катар кызматташтык документтерине кол коюшту.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар