Кыргызстанда 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун 36 миңден ашык учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева маалымат берди. Анын айтымында, көрсөткүч мурунку аптага караганда эки эседен көп өскөн. Ооругандардын 70 пайыздан ашыгы — 14 жашка чейинки балдар.
Абалды мындайча түшүндүрүлдү: Бишкекте 25ке жакын, Чүй облусунда 30га жакын бала бакча карантинге байланыштуу убактылуу жабылды. Ош шаарында беш мектеп толугу менен онлайн режимине өттү, дагы алты мектепте айрым класстар аралыктан окутулууда. Баткенде да бир катар мектептерде өзүнчө класстар онлайн окууга жөнөтүлгөн. Бишкек мэриясы билим берүү мекемелерине мониторинг жүргүзүп, зарыл болгон учурда санитардык буйруктар чыгарылып, балдар карантинге алынары белгиленди. Мындай чечимдер жергиликтүү деңгээлде кабыл алынат.
Адистер республикада учурда Гонконг гриппи деп аталган A/H3N2 түрү, В тибиндеги сасык тумоо жана COVID-19 активдүү айланып жатканын билдиришти. Ал эми ЖРВИ учурларынын арасында риновирус, аденовирус, парагрипп сыяктуу вирустар басымдуу.
Дарыгерлер оорунун алдын алуу үчүн эл көп топтолгон жайлардан алыс болууга, мүмкүн болушунча коомдук транспортту аз колдонууга, бет кап тагынууга жана колду дезинфекциялоого чакырышат. Симптомдор байкалганда үйдө болуп, балдарды мектепке же бала бакчага жөнөтпөө сунушталат. Оорунун белгилери пайда болгондо адистер адегенде үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылууну кеңеш кылышат. Алар жумуш күндөрү 20:00гө чейин иштесе, дем алышта нөөмөт дарыгерлер тейлейт.


