whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.12.2025
2.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүТөө-Ашууда “Келечек” туннели курулат

Төө-Ашууда “Келечек” туннели курулат

Төө-Ашуу ашууда “Келечек” деп аталган альтернативдик туннель курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Маалыматка караганда, 2-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана “Тез Жол” ЖЧК жетектеген компаниялардын консорциуму мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында туннель куруу боюнча келишимге кол койду.

Жаңы курула турган туннелдин узундугу 11,5 чакырымды түзүп, деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикке жайгашмакчы. Ал жыл бою айдоочулар үчүн коопсуз кыймылды камсыздайт деп күтүүдө. Долбоордун алкагында эки төлөм алуу пункту, кубаттуулугу жалпы 31,3 МВт болгон эки кичи ГЭС жана заманбап башкаруу системасы да курулат.

Инвестициянын жалпы көлөмү 640 миллион АКШ долларына жетери айтылып, долбоор толугу менен жеке өнөктөш тарабынан каржыланары белгиленди. Туннелди куруу жана иштетүү мөөнөтү 49 жылга пландалган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар