Бишкектеги эң ири стадиондун аталышы “Бишкек Арена” болуп өзгөртүлдү

Бишкектеги эң ири стадиондун аталышы “Бишкек Арена” болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, стадион буга чейин “Азаттык Арена” деп аталып келген, бирок президент Садыр Жапаров коомчулуктун пикирин эске алуу менен аталышты “Бишкек Арена” болуп өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган.

Курулуш 2026-жылдын август айында толугу менен аякташы күтүлүүдө. Бул стадион өлкө тарыхындагы эң ири жана заманбап спорттук объект катары салынып жатат.

Стадион 51 миң көрүүчүгө эсептелип, анын айланасында дүйнөлүк бренддердин дүкөндөрү, бизнес-борборлор жана фуд-корттор жайгашмакчы. Ошондой эле 2000ден ашык унаа токтотуучу жай каралган.

Туманбаевдин айтымында, “Бишкек Арена” борбор калаанын өсүшүн жана жаңы тарыхый доорго кадам таштаган Кыргызстанды чагылдырган символдук объект болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз