“Жайкы Давос – 2025”

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарына жумуш сапары менен барды.

Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос -2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат.

“Жаңы доордогу ишкердик” деген ураан астында форумга дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөдөн жана аймактарынан 2 миңге жакын катышуучу келет. Адылбек Касымалиев панелдик сессияда “Бир алкак, бир жол” демилгеси кайда баратат?” – деген темада сөз сүйлөйт.

Форумдун алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Вьетнам Социалисттик Республикасынын премьер-министри Фам Минь Тинь менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле, жумуш сапардын алкагында бир катар ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушуулары да пландалууда.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар