Венгриянын «Азаттык Европа же Азаттык Радиосунун» (RFE/RL) венгер кызматы кечээтен бери расмий түрдө ишин токтотту. Бул чечимди мекемени көзөмөлдөгөн АКШнын Глобалдык медиа агенттиги (USAGM) кабыл алып, 5-ноябрда Конгресске долбоорду жабуу ниети тууралуу билдирген.
Агенттиктин башкы директору Кари Лейк билдиргендей, долбоорду колдоого керектүү каржылоо НАТОнун союздаштарынан алынган эмес. Каржылоо токтотулгандыктан, венгер кызматынын ишин улантуу мүмкүн болбой калган.
Венгриядагы RFE/RL кызматы 2020-жылы Конгресстин чечими менен кайра ишке киргизилген. Максаты — өлкө жарандарына көз карандысыз жана так маалымат жеткирүү болгон. Мунун алдында редакция 1950–1993-жылдары иштеп келген.
RFE/RL жетекчилиги кызматтын жабылышына байланыштуу билдирүү таратып, беш жыл ичинде иштеген командага жана аудиторияга ыраазычылыгын билдирди. Алардын белгилешинче, венгер тилдеги бардык материалдар онлайн архивдерде ачык бойдон калып, окурмандар аларды мындан ары да пайдалана алышат.
RFE/RL президенти жана башкы директору Стив Капус кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана эркин медиа миссиясына кошкон чоң салымын белгилеп өттү.
Ошондой эле, айрым эксперттер Азаттык Радиосунун кээ бир өлкөсүндөгү кызматтары да ушул абалга кириптер болушу мүмкүндүгүн белгилешет.

