Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков ФИФАнын 2026-жылдагы расмий тизмесине кирген кыргызстандык калыстарга жана алардын жардамчыларына ФИФА лицензияларын салтанаттуу түрдө тапшырды.
Биримдиктен маалымдашкандай, быйыл Кыргызстандан жалпы 17 адис ФИФАнын тизмесине кирди. Алар эл аралык мелдештерде өлкөнүн намысын коргоп, калыстык кылууга укук алышты.
Иш-чаранын алкагында башкы катчы Түркиянын Анталия шаарында өтө турган окуу-машыгуу жыйынына катышуу үчүн даярданып жаткан калыстар менен жолугушту. Ал бул жыйын калыстардын кесиптик деңгээлин жогорулатууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, ийгилик каалады.
Окуу-машыгуу жыйыны 2-февралдан 18-февралга чейин уланат. Ага:
- 18 калыс,
- 24 калыс жардамчысы,
- Кыргыз футбол биримдигинен 7 инструктор,
- Азия футбол конфедерациясынан (АФК) 1 инструктор,
- медициналык кызматкерлер катышат.
Машыгуулардын максаты — калыстардын физикалык даярдыгын чыңдоо, теориялык билимдерин тереңдетүү жана эл аралык стандарттарга ылайык тажрыйба алмашуу болуп саналат.

