Чехияда ири масштабдагы нааразылык акциялары болуп өттү. Прагада жана өлкөнүн башка шаарларында он миңдеген адамдар президент Петр Павелди колдоп, көчөлөргө чыгышты. Акцияга чыккандар мамлекет башчысынын гомофобиялык жана расисттик билдирүүлөрү менен белгилүү болгон саясатчыны министрлик кызматка дайындауудан баш тарткан чечимин колдошууда.
Нааразылык акциясын уюштуруучулардын маалыматына ылайык, Праганын өзүндө эле 90 миңге жакын адам чогулган. Бул соңку жылдардагы эң ири жарандык акциялардын бири катары бааланууда.
Нааразылыктын негизги себеби — президент Петр Павел менен жаңы дайындалган популисттик көз караштагы премьер-министр, миллиардер Андрей Бабиштин ортосундагы саясий тиреш. Президент Бабиштин командасына “Өзү үчүн автомобилисттер” аттуу ашынган оңчул партиянын ардактуу төрагасы, мурдагы автожарышчы Филип Туректи айлана-чөйрөнү коргоо министри кызматына дайындоодон баш тарткан. Павел бул чечимин Туректин мурда социалдык тармактарда расисттик жана гомофобиялык билдирүүлөрдү жасаганы менен негиздеген. Кийинчерээк ал билдирүүлөрдүн бир бөлүгү өчүрүлгөнү айтылууда.
Мындан тышкары, президент тышкы иштер министри жана Туректин партиялашы Петр Мацинканы бул дайындоо боюнча басым көрсөтүүгө аракет кылды деп айыптады. Мацинка президентке каршы жооп катары Чехияны кийинки НАТОнун саммитинде премьер-министр көрсөтүлүшү мүмкүн экенин билдирген.
Президент Петр Павел өз кезегинде Чехиядагы жарандык коомдун ролун жогору баалап, аны өлкөнүн чоң артыкчылыктарынын бири деп атады.
«Биздин жарандык коом зарыл учурда туура иш үчүн так жана ачык үнүн чыгара алат», — деди ал.
Маалыматка караганда, жакынкы күндөрү президент Павел бул маселени премьер-министр Бабиш менен талкуулайт. Ошол эле учурда оппозиция жана жарандык уюмдар демилгелеген президентти колдогон петицияга кыска убакыт ичинде 600 миңден ашуун адам кол койгон. Президент өз тарапташтарына ыраазычылык билдирип, жарандык коомдун активдүүлүгүн жогору баалады.

