Ош
Шаардагы «Жекелик» каналынын жээги көрктөндүрүлөт.
Мэр Жеңишбек Токторбаев кезектеги рейдде Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Жекелик» каналынын эки жээгин көрктөндүрүп, гүл бакча куруу боюнча долбоор иштеп чыгууну тиешелүү кызматтарга тапшырды.
Жети-Өгүз
Ак-Шыйрак аймагында жеке турак жайлардын биринин короосуна ак илбирс кирген учур катталган.
Видеону үй ээси өзү тартып, коомчулукка жарыялаган. Анын билдиргенине караганда, жырткыч короого кирип, үй жаныбарына кол салган. Кожоюн сыртка чыккан учурда илбирс бир эчкини басып алган. Бул короого илбирс мурда да кирип кеткен учурлар болгондугу айтылууда.
Баткен шаары
«Суу-Башы» көмөк чордону пайдаланууга берилди.
Кубаттуулугу 110/35/10кВ болгон көмөк чордондун жалпы наркы 76 млн. 709 миң 894 сом. Бул – калкты, өндүрүш объектилерин, ишканаларды жана келечектеги жаңы инвестициялык долбоорлорду электр энергиясы менен камсыз кылат.
Баткен району
Жаңы-Жер айылынын чыгыш-түштүк тарабында заманбап тамчылатып сугаруу системасын орнотуу долбоору ишке ашырылууда.
Анын алкагында 143 гектар жер аянтына тамчылатып сугаруу системасын орнотуу каралган. Курулуш иштери январь айынын экинчи декадасынан тартып башталды.
Сузак
12,8 гектар аянтты ээлеген аба майданы мамлекетке кайтарылды. УКМКнын маалыматына караганда, 1978-жылы Сузак районундагы «Плодородие» бирикмесине тиешелүү стратегиялык аэродром реформалар учурунда коррупциялык схемалар менен жеке менчикке өтүп кеткен. Тактап айтканда, 2003-жылы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж. мыйзам бузуу менен аталган тилкени өзүнүн жакын тууганы М.С.га өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз токтом чыгарган.
Жети-Өгүз
Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Чыңгыз Эсенгул уулу үйүнүн короосунда чакан трактор кураган устакана иштетип, 4-5 жылдын ичинде 6-7 чакан тракторду кураган. Учурда кардарлардын саны көбөйүп жатат. Техниканы куроо үчүн «Жигули» жана трактордун шаймандарын керектейт.
Нарын
Шаардын борбордук базарында фермерлердин этин ортомчусуз сатуу үчүн муниципалдык эт дүкөнү уюштурулду. Муниципалдык эт дүкөнүндө калкка сапаттуу жана коопсуз эт азыктары түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сунушталып, базар баасынан төмөн жана жеткиликтүү баада сатылууда.
Жумгал
Көмүр казган ишканага 1,5 млн. сомго жакын айып пул салынды. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан Миң-Куш айыл аймагындагы «Шанси Коал Инвестмент Групп» ЖЧКсына текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, аталган ишканага 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Мындан тышкары, сууну пайдалангандыгы үчүн 2024-2025-жылдарга карата 1 млн. 484 миң сом төлөө боюнча жазма буйрук берилип, аны аткаруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди.
Өзгөн
Райондо энергетикалык 3 объект ишке кирди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Талас
Шаарда “Баластан” заманбап оюн-зоок борборунун курулушу жүрүп жатат. Оюн-зоок борбору Талас шаарынын Шамбетов көчөсү №70 дарегинде жайгашып, жалпы аянты 17 миң чарчы метрди түзөт.
Аламүдүн
Бер-Булак айылында 275 орундуу О.Турсуматов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземи өттү.
Мектептин курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттан туруп, 275 орунга ылайыкталган.
Чүй
Быйыл облус аймагында 80 социалдык объектти, 150 чакырым жолду жана 25 көпүрөнү жаңылоо каралган.

