Кыргыз АССРине 100 жыл: тарыхый тажрыйба жана келечек багыттары талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунда «Кыргыз АССРине 100 жыл: тажрыйба жана келечек» аттуу илимий кереге кеңеш болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, анын алкагында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхы, советтик доордогу саясий жана коомдук процесстер, ошондой эле улуттук аң-сезим жана иденттүүлүк маселелери илимий негизде талкууланды.

Кереге кеңештин жүрүшүндө тарыхчылар, саясат таануучулар жана башка окумуштуулар архивдик материалдарга таянып баяндама жасап, бир катар концептуалдуу илимий сунуштарды ортого салышты. Изилдөөлөрдү тереңдетүү жана тарыхый мурасты заманбап көз караш менен кайра кароо зарылдыгы белгиленди.

Иш-чаранын соңунда илимий талкуулар тарыхый сабактарды бүгүнкү жана келечектеги өнүгүү багыттары менен айкалыштырып кароого өбөлгө түзөрү айтылып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын изилдөө багытындагы иштерди системалуу улантуу маанилүү экени баса белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз