Кыргызстанда чакан жана орто ишкердикти колдоого багытталган консорциум түзүлдү

0
9693

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров чакан жана орто ишкердик  субъекттерин колдоо институттарынын консорциумун түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, консорциум мамлекеттик органдардын, финансы институттарынын, билим берүү мекемелеринин жана эл аралык өнөктөштөрдүн аракеттерин бириктирип, ишкердикти колдоо саясатынын натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталат.

Консорциумдун катчылыгы болуп Экономика жана коммерция министрлиги аныкталды. Министрлик консорциумга катышкан уюмдардын ишин координациялап, кабыл алынган чечимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзөт.

Белгиленгендей, консорциумдун уюштуруучулар кеңеши Кыргызстанда чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктайт. Бул чечимдер консорциумдун катышуучулары жана тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болот.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетине 2026-жылдын экинчи кварталына чейин 2030-жылга чейинки чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү тапшырмасы жүктөлдү. Программада төмөнкү багыттар камтылат:

  • жаштар ишкердигин өнүктүрүү;
  • аялдардын ишкердигин колдоо;
  • социалдык ишкердикке дем берүү;
  • региондордогу ишкердикти өнүктүрүү;
  • кластердик жана өндүрүштүк кооперацияны колдоо;
  • инновациялык, экспортко багытталган жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү.

Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин Администрациясына жүктөлүп, документ расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз