Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-Президенти, Премьер-министри жана Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу менен БАЭге жумуш сапары менен барды.
Иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышып, БАЭнин жогорку даражалуу жетекчилери, ошондой эле бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддордун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.
Мындан тышкары, саммиттин жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтерге кол коюу пландалууда. Ошондой эле БАЭнин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн «Ак илбирс» модели: мамлекеттик акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу кошумча иш-чара уюштурулат.
Белгилей кетсек, бул кошумча иш-чара Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Эмират тараптын өкүлдөрүнүн катышуусунда панелдик талкуулар өтөт.

