Бишкекте “B5+1” экинчи бизнес форуму өтөт

2026-жылдын 4–5-февралында Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында “Бизнес (B)5+1” экинчи бизнес форуму өткөрүлөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте уюштурулуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын бизнес коомчулугу менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн ортосундагы диалог үчүн маанилүү аянтча болууга багытталган.

Форумдун негизги максаты — аймактык экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосунда өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну тереңдетүү.

Иш-чаранын приоритеттүү багыттарына айыл чарба, банк жана финансы сектору, маанилүү минералдык ресурстар, электрондук коммерция жана маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, ошондой эле туризм тармактары кирет.

Эске салсак, “B5+1” биринчи бизнес форуму 2024-жылдын 14–15-мартында Алматы шаарында өткөн. Анда он өлкөдөн келген 250дөн ашуун бизнес өкүлдөрү жана кызыкдар тараптар катышкан.

“B5+1” форматы Борбор Азиянын беш өлкөсү — Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен Америка Кошмо Штаттарын бириктирген “C5+1” дипломатиялык платформасынын бизнес багыттагы аналогу болуп саналат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз