whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.03.2026
8.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИзраилде миңдеген киши Газаны оккупациялоого каршы чыкты

Израилде миңдеген киши Газаны оккупациялоого каршы чыкты

10-августта Израилдин борбору Тель-Авивде миңдеген киши Газаны оккупациялоого каршы акцияга чыкты.

Чет элдик басылмалар берген маалыматтарга ылайык, акциянын катышуучулары АКШ президенти Дональд Трампты кырдаалга кийлигишүүгө чакырышып, барымтадагыларды бошотуу үчүн Газа секторундагы согушту токтотууну талап кылган.

Айрымдар Израилдин сектордогу аскердик операциясында каза тапкан палестиналык балдардын, кээ бири Газада ХАМАС радикал тобу барымтага алгандардын сүрөттөрүн кармап алышкан.

Акциянын катышуучуларынын бири Лишей Миран Лави «Бул жөн эле аскердик чечим эмес. Бул биз жакшы көргөн кишилерди өлүмгө түртүшү мүмкүн», — деп билдирди Reuters агенттигине. Анын күйөөсү Омри Лави эки жылдай мурун барымтага алынган.

Маалым болгондой, Израилдин министрлер кабинети 8-августта премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Газа шаарын оккупациялоо планын бекиткен. Өкмөт башчы ага чейин палестин анклавында жөөт армиясынын көзөмөлү орнотулат деген ниетин билдирген.

Ушул тапта Газа тилкесинин 75-80% Израилдин көзөмөлүндө болгону айтылат.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар