Башкы беткеРубрикаларБилим берүү1-2-класстарды мектепке каттоо боюнча кошумча орундар ачылат

1-2-класстарды мектепке каттоо боюнча кошумча орундар ачылат

Жакында 1-2-класстарды мектепке каттоо боюнча кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул бүгүнкү күндө бир дагы мектепте катталбаган балдарды 1-2-класстарга киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Кошумча кабыл алуу 13-августта саат 09:00дө башталат.

Ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү «Түндүк» тиркемесиндеги «Санариптик документтер» бөлүмүндө чагылдырылгандыгын алдын ала текшерип, баланы «мектепке электрондук каттоо» кызматы аркылуу «Түндүк», «Мбанк» жана МойО!+ Банк же 1mektep.edu.gov.kg. порталынан катташы керек.

Министрлик балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы 15-августта аяктай турганын эскертет.

Кошумча орундар ачыла турган мектептердин тизмеси менен төмөнкү шилтемеден таанышсаңыздар болот: https://edu.gov.kg/posts/4376/

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар