Кыргызстан менен дипломатиялык мамиле түзгөн өлкөлөрдүн саны өстү

Акыркы бир жыл ичинде Кыргызстандын дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн географиясы кыйла кеңейди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев министрликтин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, салттуу багыттарда Кыргызстандын эл аралык позициялары бекемделип, жаңы аймактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылды.

«Өткөн жылы Эфиопияда Кыргызстандын алгачкы элчилиги ачылды. Ошондой эле Египетте дипломатиялык өкүлчүлүк ачуу тууралуу чечим кабыл алынды. Мындан тышкары, дагы 13 мамлекет менен дипломатиялык мамилелер түзүлүп, алардын жалпы саны 185ке жетти», — деди Жээнбек Кулубаев.

Ал ошондой эле экономикалык дипломатиянын конкреттүү жыйынтыктарды берип жатканын белгилеп, туризм тармагы да активдүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз