Иран жарандык авиация үчүн өзүнүн аба мейкиндигин жабуу тууралуу расмий билдирүү — NOTAM — чыгарды. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, өзгөчө уруксат менен өлкөгө кирип же өлкөдөн чыгып жаткан эл аралык каттамдарга гана өзгөчөлүк каралган.
Мындан тышкары, Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аба-космостук күчтөрү жана абадан коргонуу системалары жогорку даярдык абалына келтирилгени маалымдалды.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы антиөкмөттүк нааразылык акцияларын катаал басуу үчүн бул өлкөгө каршы аскердик аракет көрүү маселесин карап жаткан учурда, Пентагон Катардагы Аль-Удейд авиабазасындагы персоналдын санын кыскартууда.
CBS телеканалына сүйлөгөн расмий өкүлдөрдүн айтымында, америкалык аскерлердин жарым-жартылай чыгарылышы алдын алуучу чара катары көрүлүүдө.
Аль-Удейд — АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эң маанилүү аскердик базаларынын бири. Ал жерде туруктуу негизде болжол менен 10 миңдей аскер кызматкери жана жарандык кызматкерлер жайгашкан.
Иран бийлиги АКШ кол салган учурда аймактагы америкалык аскердик базаларга сокку урарын эскерткен.

