2026-жылдын 1-апрелинен тарта дарыгерлердин, мугалимдердин жана маданият кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайыздан кем эмес өлчөмдө жогорулайт. Бул тууралуу кеңешме учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, мындан тышкары, 2026-жылдын 1-октябрынан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгек акысын 50 пайыздан кем эмес көтөрүү пландалууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, бул чечимдерди ишке ашыруу олуттуу каржылык ресурстарды талап кылат. Ошол эле учурда ал 2025-жылы Бажы жана Салык кызматтары бюджеттин киреше бөлүгүн чогултуу боюнча планды ашыгы менен аткарганын баса белгилеп, бул социалдык милдеттенмелерди аткарууга шарт түзүп жатканын айтты.


