VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду 49 млн 800 миң сомдун тегерегинде болуусу пландалууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Казыбек Молдажиев массалык маалымат каражаттарына билдирди.
Анын айтымында, учурда өнөктөштөр жана демөөрчүлөр менен иш алып баруу үчүн атайын катчылык түзүлүп, тиешелүү иштер жүрүп жатат.
Молдажиев белгилегендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи быйыл Кыргызстанда өтө турган ШКУнун 25 жылдык юбилейлик саммитине байланыштуу өзгөчө форматта уюштурулат. Ачылыш аземи борбор калаада жаңы курулуп жаткан 51 миң орундуу “Бишкек Арена” стадионунда өтөт.
Ошондой эле ал 2025-жылдын декабрь айында Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бренд укугун алганын эске салды. Бул укук оюндардын форматын аныктоого, өткөрүү тартибин бекитүүгө мүмкүнчүлүк берет.
«Бул өтө чоң жетишкендик. Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу процессинде алгачкылардан болуп демилге көтөрүп, бул ири долбоорду ийгиликтүү өткөрүп келген», — деди Казыбек Молдажиев.
Маалымат үчүн айта кетсек, буга чейинки оюндарга:
- 2016-жылы — 62 мамлекет,
- 2018-жылы — 82 мамлекет,
- 2022-жылы — 79 мамлекет,
- 2024-жылы — 89 мамлекет катышкан.
Ал эми 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 100 мамлекетинен өкүлдөр, жалпы 3 миңге жакын катышуучу келет деп күтүлүүдө.


