Башкы беткеМекендештер жана тагдырМекендештерКрокус Сити Холлдогу окуя боюнча пикири үчүн кыргыз жараны 3 жылга эркинен...

Крокус Сити Холлдогу окуя боюнча пикири үчүн кыргыз жараны 3 жылга эркинен ажыратылды

Москванын экинчи Батыш райондук аскер соту Кыргызстандын жараны Абдинасир уулу Бекзатты Крокус Сити Холлдогу окуя боюнча «терроризмди актоо» тууралуу пикири үчүн күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, ал телеграм каналдардын бириндеги мигранттардын баракчасында «Азаматтар, мындай кылууга чоң дух керек, кармалып калышканы өкүнүчтүү» деп жазганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылды.

Бекзат Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн (терроризмге чакырык жасоо үчүн) күнөөлүү деп табылды. Ал үч жылга жалпы режимдеги түзөтүү колониясына эркинен ажыратылсын», — деп айтылат өкүмдө.

Мындан тышкары, сот ага эки жылга интернетке кирүүгө тыюу салып, кылмыш жасаган уюлдук телефонун мамлекеттин пайдасына конфискациялады. Ошондой эле сот аны камакка алуу учурунда алынган телефон сим-картасын жок кылууну буйруду.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар