Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭми орус тили боюнча тест тапшырбаган мигранттардын балдары Орусияда мектепке кабыл алынбайт

Эми орус тили боюнча тест тапшырбаган мигранттардын балдары Орусияда мектепке кабыл алынбайт

Орусиядагы мектептер кийинки окуу жылдан тарта мигранттардын балдарын орус тили боюнча тест тапшырууга милдетендирген жобо менен иштешет. Мындай талап 2025-жылдын 1-апрелинен киргизилүүдө.

Орусиянын Билим берүү министрлиги чыгарган буйрукка ылайык, эгер мигранттын баласы милдеттүү тил курстарына катышпаса жана сынак тапшырбаса, анда анын ата-энеси административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Мындан сырткары министрлик мектептерге кабыл алууда талап кылына турган документтердин тизмесин кеңейтүүнү да пландап жатат. Алардын арасында жеке идентификациялык номур, жеке камсыздандыруу эсебинин камсыздандыруу номуру (СНИЛС), медициналык маалымкат, ошондой эле бармак изин тапшыргандыгын ырастаган документ бар.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар