Башкы беткеРубрикаларАймактар139 батир мамлекетке кайтарылды

139 батир мамлекетке кайтарылды

Тоң районунда 93,4 млн сомдук 139 батир муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокуратурасы муниципалдык менчик боюнча мыйзамдардын талаптарынын сакталышын текшерип, Кажы-Сай айылындагы көп батирлүү турак-жайлар мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткендигин аныктады.

«Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы суммасы 93,4 млн. сомдук 139 батир муниципалдык менчикке кайтарылып, мыйзамсыз чечим чыгарган Кажы-Сай айыл аймагынын мурдагы башчысы Б.И.га карата соттун тиешелүү өкүмү чыгарылды», -деп айтылат маалыматта.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар