whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
18.2 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарНарын университетинен 300дөн ашуун чет элдик студент окуудан чыгарылды

Нарын университетинен 300дөн ашуун чет элдик студент окуудан чыгарылды

УКМК С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде коррупциялык схемаларды аныктоого багытталганиш-чараларын жыйынтыктады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 300дөн ашык чет элдик студенттер окуудан чыгарылып, университеттин 13 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, институттардын биринин директору ээлеген кызматынан четтетилди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2023-жылдын аягында НМУнун жетекчилиги мыйзамсыз башка университеттерден 400дөн ашуун чет элдик студенттерди массалык түрдө которууну уюштурган.

Билим берүү министрлигинин комиссиясы аталган фактыларды тастыктаган. Тактап айтканда, баалар негизсиз коюлуп, студенттердин электрондук эсептерине кирүү көзөмөлсүз камсыздалып, мындан тышкары студенттер контракт боюнча карыздарын төлөбөй келген. Жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген студенттер бул тилдер боюнча тест тапшырып, жогорку балл алышканы аныкталган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар