whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезиденттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча өкүлү XI Нева эл аралык конгрессине катышты

Президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча өкүлү XI Нева эл аралык конгрессине катышты

Президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова 22–23-майда Санкт-Петербург шаарында өткөн XI Нева эл аралык экологиялык конгрессине катышты. Конгресс “Жер планетасы: адам менен жаратылыштын гармониясы” деген ураан менен өтүп, ага 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышты .

Конгрессте климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк жана экологиялык коопсуздук, экологиялык мониторингди санариптештирүү, жашыл технологиялар, шаар экологиясы жана экотуризм сыяктуу маселелер талкууланды .

Динара Кемелова аялдардын экологиялык бакубаттуулукка жетишүүдөгү ролу тууралуу сессияда сөз сүйлөп, Кыргызстандагы тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча демилгелерди тааныштырып, аялдарга колдоо көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды белгиледи .


Конгресстин алкагында Иран, Малайзия, Мозамбик, Түштүк Африка Республикасы жана Нигерия сыяктуу өлкөлөрдүн делегациялары менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, Кыргызстан менен экология, суу жана энергия тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты
.


Иш-чаранын соңунда Таврид багына көчөт отургузуу иш-чарасына катышып, экологиялык маселелерге көңүл буруу жана жаратылышты сактоо маанилүүлүгү баса белгиленди. 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар