(Улуттук тарых музейинин этнография фондусунун коллекциясынан)
Аталышы: чепкен. Материалы: тери, жип, кездеме. өлчөмү: бийиктиги – 140; жазылыгы – 245 см. Аймагы: Алай өрөөнү. Мезгили: XVIII к. аягы – XIX к. ортосу. Өткөргөн: этнограф С.М. Абрамзон. 1927-жыл.
Ар улуттун тарыхында жаратман инсандардын жана мамлекеттүүлүгүнө салым кошкон ишмерлердин орду бийик саналган. Андай ысымы аттын кашкасындай таанымал журт башчыларынын бири – Чүйдүн батыш аймагын бийлеп, Бишкекке жакын жерде көчүп жүргөн, XVIII к. аягы – XIX к. ортосунда жашаган солто уруусунан чоң манабы Жангарач Эшкожо уулу болгон.
Ал казак султандары, Кокон мамлекети, Россия империясы менен жүргөн саясий-аскердик мамилелерде өзүнүн кеменгерлиги, дипломаттыгы, баатырдыгы менен таанылган.
Ушундай улуу инсан Жангарач манаптын ак сөөктөр кийе турган тоо текенин терисинен тигилген чепкени Кыргызстандын башкы музейинде сакталып жана көрсөтүлүп келе жатышы чоң сыймык.
Чепкен сары түскө боёлуп, жибек жиби менен көп түстөгү өсүмдүк мотивиндеги оймолор саймаланган. Жакасы жана жээктери кара баркыт кездемеден кыюуланган. 1800-1865-жылдарга таандык музейдин баалуу экспонаттарынын бири. Баа жеткис мындай маалымат көрүнүктүү окумуштуу, этнограф С.М.Абрамзондун талаа дептеринин №13 санында бетинде жазылып калтырылган.
Чепкен Алайдан табылган. Кийимдин кызыктуулугу дал ушунда. Чүйдүн манабынын чепкенинин Алайдан табылышы суроо жаратып келет. Совет бийлиги толук орноп, кулакка тартуу башталганда, аргасыздан жер оодарууну көздөгөн Жангарачтын урпактары түштүккө жер которуп барып, ал жактан бай-манаптардын мүлкү катары конфискациялангандыгы божомолдонот.
Музей чоң сырларды өзүнө камтып келгендиктен, фондудагы таасирлүү адамдар кийген илбирс, карышкыр, түлкү ичиктер, саймалуу кокон чепкендери, кырмызы чепкендер, ж.б. коллекциялардын тарыхын тереңдеп изилдөө келечектин иши бойдон
калууда.
Өмүрбек САМУДИНОВ,
Улуттук тарых музейинин илимий кызматкери (атайын “Кыргыз Туусу” үчүн)