whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек

Алтын жейрен

(Улуттук тарых музейинин “Кыргызстандын байыркы алтындары” коллекциясына экскурсия)

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи – Байыркы доордон азыркы күнгө чейинки миңдеген уникалдуу жана кайталангыс табериктерин топтоп, сактап жана даңазалап жайылтып келе жаткан Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири. Музейдин туруктуу көргөзмөсү жалпы 6 тематикалык багыттан турган, 31 темадагы 191 комплексти камтыйт. Түп нускадагы 4 миңге чукул кайталангыс табериктери көргөзмөгө коюлган. “Кыргыз Туусу” гезити ошол уникал экспонаттарды тааныштыруу максатында ар бир табериктин кыскача тарыхын баяндаган түрмөктү окурмандарга сунуштайт.

Байыркы индия жана иран булактарында “турлар” деп байыркы түрк эли катары  “туран” аталышында белгиленген, орто кылымдагы (VI к.)  византиялык дипломат жана тарыхчы Менандр Протектор:  “Азыркы түрктөр, байыркы сактар” деп жазып калтырган, академик, чыгыш таануучу  А.Н. Бернштам түрк ядросу басымдуулук кылган уруулар деп тегин жерден көрсөтпөгөн сактардын уникалдуу артефактары, музей коллекциясынын негизин түзөт.

Алардын ичинен, музейдин алтындар топтомунун тандалган баалуу артефактарынын бири – Жейрендин миниатюрасы, тиграхауд сактарынын чуштугуй баш кийиминин төбөсүнө тагылган азем буюм катары илимде өзгөчө белгилүү.

1972-жылы Ысык-Көлдүн Туура-Суу көрүстөнүнө казуу жүргүзгөн учурда табылган.  Б.э.ч. VI-IV кк. тиешелүү болуп,  б.э.ч. VIII-III кк. жашаган сак уруу бирикмесинин “Сак айбанаттар стилиндеги” зергерчилигинин жогорку үлгүсүн көрсөтөт.

Байыркы түрк урууларынын бабалары саналган сактардын Кыргызстандын аймагындагы  көптөгөн табылгаларынын ичиндеги эң таанымалы жана көлөмүнүн бармактын башындай гана чакандыгы менен айырмаланат.

Археолог В.Мокрынин жейрендин күүлөнүп жүгүрүп бара жаткан учуру чагылдырылгандыгын белгилейт.

Сак урууларынын тотемдик ишениминин негизинде жырткыч айбанаттарды,  кайберендерди, канаттуу куштарды, өзгөчө бугулардын, арстандардын  фигураларын буюмдарга берүү кеңири тарагандыгын археологиялык казуулар ырастап келүүдө.

Кыргыздарда да ак илбирсти, бугуларды ыйык тутушу тууралуу уламыштар, “Казакта жаныш көп, кыргызда багыш көп” деген эски макал  жана көптөгөн уруулардын аттарынын бугу, сарыбагыш, карабагыш, багыш, жору, бөрү аталышынын түпкү тамыры тереңде жатканын, байыркы мезгилдеги Теңир-Тоодо жашаган сактар менен кыргыздардын дүйнө тааным ишениминин, маданиятынын, тамырынын  жакындыгынан күмөн жаратпаган, айбанаттар стилинде жасалган көркөм жасалган эң кызыктуу музей экспонаттардын бири.

Жүгүрүп бара жаткан жейрендин турпаты. Алтын. 1х18 см. Ысык-Көл, Туура-Суу көрүстөнү. Б.э.ч. VI-IV кк. Казуу жүргүзгөн В.П. Мокрынин. 1972-жыл.

Өмүрбек САМУДИНОВ,
Улуттук тарых музейинин илимий кызматкери

(Атайын “Кыргыз Туусу” үчүн)

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар