Башкы беткеМаанилүүКыргызстан 2026-жылга Орусия менен күйүүчү май боюнча жаңы келишимге кол койду

Кыргызстан 2026-жылга Орусия менен күйүүчү май боюнча жаңы келишимге кол койду

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 2026-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда күйүүчү майды сатып алуу жана ташуу боюнча жаңы келишим түзүлгөнүн билдирди.

Амангелдиевдин айтымында, келишим Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон мамлекеттик сапарында жетишилген жана Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талапты эске алуу менен түзүлгөн.

Жаңы келишим боюнча Орусия Кыргызстанга жылына 1 млн тонна күйүүчү май саткан болсо, бул көлөм 1 млн 200 миң тоннага көбөйтүлдү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жылдык күйүүчү май керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт, анын 93% Орусиядан импорттолот.

Белгилей кетсек, соңку эки-үч айда өлкөдө күйүүчү майдын чекене баасы литрине 3,5–4 сомго кымбаттады. Мунай ташуучулар ассоциациясы күйүүчү майдын баасы дагы өсүшү мүмкүн экенин жана буга Орусиядагы мунай заводдорунан май сатуу сунуштарынын азайышы себеп болуп жатканын эскертти.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар