whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
22.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыМиграция саясатынан улам Нидерланд өкмөтү отставкага кетти

Миграция саясатынан улам Нидерланд өкмөтү отставкага кетти

4-июнда Нидерланддын отставкага кеткен премьер-министри Дик Схоф мөөнөтсүз шайлоо өткөрүлөрүн жарыялады. Анын айтымында, парламент депутаттары бул чечимди колдошкон жана шайлоонун так датасы жакын арада белгилүү болот. Добуш берүү күз айларына өтөт.

Бул билдирүү «Эркиндик» партиясы башкаруучу коалициядан чыгып кеткенден бир күн өтпөй жасалды. Өкмөт дал ошол окуядан кийин отставкага кетти. Схоф министрлер убактылуу өкмөт катары ишин уланта берерин белгиледи, бирок «Эркиндик» партиясы техникалык өкмөткө кошулбай турганын билдирди.

«Эркиндик» партиясынын лидери Герт Вилдерс мындай чечимди коалициядагы өнөктөштөр миграция саясатын катаалдаштырууга каршы чыккандан кийин кабыл алганын айтты. Ал башпаанек издеген мигранттардан арыз кабыл алууну токтотууну, сириялык качкындарды мекенине кайтарууну жана кабыл алуу борборлорун жоюуну сунуштаган. Бирок коалициядагы башка партиялар бул сунуштар миграция министри тарабынан иштелип чыгышы керектигин айтып, Вилдерстин талаптарын четке каккан.

Премьер-министр Схоф коалициянын ыдырашын “зарылчылыгы жок” жана “жоопкерчиликсиз” кадам катары сыпаттады. Вилдерстин мындай чечимин, айрыкча НАТОнун маанилүү саммитинин алдында кабыл алышын, башка коалициялык партиялар да сынга алышты.

Эске салсак, бул өкмөт 2024-жылдын июль айында түзүлгөн жана ал башынан эле туруксуз экенин эл аралык медиалар жазып келишкен. Шайлоодо жеңишке жетишкенине карабастан, Герт Вилдерс премьер-министрлик кызматтан баш тарткан.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар