Башкы беткеМаанилүүЖээнбек Кулубаев Индияда байланыш жана коопсуздук маселелерин талкуулайт

Жээнбек Кулубаев Индияда байланыш жана коопсуздук маселелерин талкуулайт

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 5-6-июнунда “Индия-Борбор Азия” диалогунун 4-министрлер жыйынына катышуу үчүн Индияга барат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында региондун бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда “Индия – Борбор Азия” бизнес форуму өтөт.

Диалогдун министрлер сессиясында Индия менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары: байланыш, аймактык коопсуздук, туруктуу өнүгүү жана технология маселелери талкууланат.

Сапардын алкагында Жээнбек Кулубаевдин Индиянын тышкы иштер министри С.Жайшанкар менен, ошондой эле индиялык тараптын башка жогорку даражалуу өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар