Урматтуу «Кыргыз Туусунун» окурмандары!
Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугундагы Элчилигинин атынан сиздердин назарыңыздарга 2022-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилдеги – тарыхый окуяларга, дипломатиялык жетишкендиктерге, экономикалык демилгелерге, кызматташуунун жаңы багыттарына жана эң негизгиси Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдеген конкреттүү натыйжаларга толгон жылдардагы биздин ишибиз тууралуу кеңири макаланы сунуштап жатканыма кубанычтамын.
Кыргыз-британ мамилелеринин жаңы барагынын башталышы
Мындан 33 жыл мурун, 1992-жылдын январында Улуу Британия Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган. Ошондон бери биздин мамилелер ырааттуу өнүгүп, бүгүнкү күндө алар жаңы деңгээлге – стратегиялык диалогдун деңгээлине чыкты. Бул сапаттык жылыш ар тараптуу жана максаттуу дипломатиялык иштин натыйжасы болду.
Мен 2022-жылдан бери Кыргыз Респуб-ликасынын Улуу Британиядагы элчилигин жетектеп келем. Бул мезгилдин ичинде биз Лондондо бардык негизги багыттар боюнча – саясий өз ара аракеттенүү жана экономикалык өнөктөштүктөн баштап, маданиятты, билимди жана биздин жарандардын кызыкчылыктарын чет өлкөлөрдө илгерилетүүгө чейинки масштабдуу иштерди баштадык.
Саясий диалог: тарыхый сапарлар жана стратегиялык деңгээл
Акыркы үч жылда бир нече болуп көрбөгөндөй визиттер болуп өттү, алардын ар бири эки тараптуу мамилелердин тарыхында маанилүү окуя болуп калды:
- 2023-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаров Улуу Британияга биринчи жолу иш сапары менен келди. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен сүйлөшүүлөр жүрүп, анда инвестициялык долбоорлор жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү талкууланды.
- 2024-жылдын март айында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Жогорку Кеңештин төрагасы Н.Тургунбек уулу расмий иш сапары менен Лондонго барды. Сапар парламенттик байланыштарды чыңдап, демократия жана реформа маселелери боюнча диалогдун жаңы горизонтторун ачты.
- 2024-жылдын апрелинде Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон расмий иш сапары менен Бишкекке келди. Тараптар негизги документке – эки тараптуу кызматташтыктын Жол картасына, Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшуп, мамилелерди стратегиялык деңгээлге чыгаруу боюнча саясий эрктерин билдиришти.
- 2025-жылдын февраль айында Лондондо тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде Кыргыз Респуб-ликасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы Стратегиялык диалогдун биринчи жолугушуусу болуп өттү.
Бул сапарлар жөн гана дипломатиялык окуялар эмес, биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелердин жаңы доорунун жаңырыгы болуп калды.
Экономикалык өнөктөштүк: инвестиция, экспорт жана UKEF
2023-жылдын июнь айында Кыргызстандын Улуу Британиянын жеңилдетилген соода схемасына – DCTS ((Developing Countries Trade Scheme) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн соода схемасы) кошулушу негизги ийгиликтердин бири болду. Бул Улуу Британиянын рыногуна кыргыз продукциясынын 8000ден ашык түрүнө алымсыз жана жеңилдетилген экспорт мүмкүнчүлүгүн ачты.
2024-жылдын декабрында Улуу Британиянын Экспорттук кредиттик агенттиги UKEF эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу 1,8 миллиард фунт стерлинг (2,3 миллиард АКШ доллары) өлчөмүндөгү кредиттик линияны ачты. Бул каражатты Кыргызстандын ири инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууга жумшаса болот.
2023-жылдын ноябрында Элчиликтин демилгеси менен Кыргыз-Британ Ишкер Кеңешинин (KБИК) биринчи отуруму болуп өттү. Кеңешке 20дан ашык кыргызстандык жана британиялык компаниялар кирет. Буга чейин үч жолугушуу болуп, төртүнчү жыйыны жакынкы аралыкка белгиленген.
Конкреттүү инвестициялык долбоорлор
2025-жылдын февраль айында британиялык Concrete Canvas компаниясы менен Чүй облусунда завод куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлган. Бул объект экспортко багытталган Кыргызстандагы биринчи Батыш өнөр жай ишканасы болот. Завод ийилчээк бетон төшөлмөлөрүн – ирригация, тоо-кен жана жол тармактарында суроо-талапка ээ болгон инновациялык курулуш материалын чыгарат.
Кыргызстан дүйнөнүн финансы картасында
Элчиликтин жардамы менен 2022-жылы “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы Лондондун баалуу металлдар биржасынын ишенимдүү камсыздоочу (Good Delivery) статусун алган. 2024-жылы Кыргызстан ICBC Standard Bank аркылуу 1,2 миллиард доллардан ашык алтын экспорттогон.
Элчиликтин жигердүү колдоосу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө кредиттик рейтингдерди жакшыртуу жана капиталдын эл аралык рынокторуна чыгуу боюнча кеңеш берүүчү инвестициялык Oppenheimer банкы ишке алынды. 2025-жылдын 28-мартында S&P эл аралык рейтинг агенттиги Кыргызстандын рейтингин “В+” деңгээлине көтөрдү.
Суверендүү евробонддорду чыгарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик компанияларын Лондон фондулук биржасына листингге даярдоо иштери жүрүп жатат.
Тоо-кен реформалары жана сейрек минералдар
2024-жылдын июнь айында Бишкекте 15 британиялык компаниянын катышуусунда “MINEX Central Asia” эл аралык конференциясы өткөн. Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосу менен Boston Consulting Group маанилүү пайдалуу кендер боюнча Улуттук стратегияны жана Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук стратегия-
сын, ал эми Британиянын Геологиялык кызматы Кыргыз Республикасынын геоло-
гиялык маалыматтарын санариптештирүү долбоорун ишке ашырууда.
Жарандардын кызыкчылыктарын коргоо жана сезондук иш менен камсыз кылуу программасы
Элчилик Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги жана рекрутингдик компаниялар (Agri HR, Proforce, Fruitful Jobs, HOPS, Etero) менен туруктуу байланышта болуп, жарандарга укуктук жана маалыматтык колдоо көрсөтүп келет.
2022-жылдын март айынан баштап Кыргыз Республикасы Улуу Британиянын өкмөтүнүн айыл чарба жумушчуларынын сезондук программасына катышууда. Улуу Британиянын айыл чарбасында 2022-2024-жылдар аралыгында 20 000ден ашуун кыргызстандыкка иштөө мүмкүнчүлүгү берилди. 2024-жылы гана алардын саны 10 000ден ашты. Кыргыз Республикасы бардык квоталардын 28%ын ээлейт.
Туризм, маданият, спорт жана коомдук дипломатия
Элчилик британ телеалпаруучусу графиня Александра Толстая менен Голливуд жана британиялык актёр Доминик Уэсттин катышуусунда Кыргызстан тууралуу даректүү тасма тартуу демилгесин көтөрдү. Аны Netflix, BBC, National Geographic, ITV каналдарында көрсөтүү пландалууда. Тасма 2025-жылдын июнь айында
башталат.
Лондондогу World Travel Market (WTM) 2022, 2023 жана 2024 көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук туристтик павильону ачылды. 2024-жылы Александра Толстая Кыргыз Республикасынын туризм боюнча ардактуу элчиси болуп дайындалган.
Элчилик ошондой эле спорт дипломатия-сы тармагында маанилүү багытты демилгелеген. 2024-2025-жылдары Англиянын Премьер-Лигасынын алдыңкы клубдарынын бири “Астон Вилла” футболдук клубу менен – Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана Кыргызстандын туристтик брендин алдыга жылдыруу боюнча стратегиялык өнөктөштүк тууралуу сүйлөшүүлөр башталды.
Кыргызстан курама командасынын машыктыруучулар курамын жана оюнчуларын даярдоо пландары талкууланууда. Бул долбоор республикадагы профессионалдык футболдун деңгээлин көтөрүүгө гана эмес, Кыргызстан брендин эл аралык спорт аренасында таанытууга да багытталган.
Билим жана жаштар
Сhevening программасына квота 8 студентке көбөйтүлдү. Cambridge University Press басмасы аркылуу ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын 4-класстары үчүн 158 000 англис тили боюнча окуу китептери басылып чыкты. Улуу Британияда кыргызстандык студенттердин ассоциациясы түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинин иши жөн гана дипломатия эмес, бул эгемендүүлүктү бекемдөөгө, экономиканы өнүктүрүүгө, жарандардын кызыкчылыктарын коргоого жана Кыргызстандын эл аралык аренада позитивдүү имиджин көтөрүүгө багытталган конкреттүү кадамдар болуп саналат.
Бул түзүлгөн пайдубал бекемделип, стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээли өлкөбүзгө узак мөөнөттүү дивиденддерди алып келээрине ишенебиз.