Садыр Жапаров 12-апрелде Ош облусунда Ош — Кара-Суу төрт тилкелүү автожолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүп, эски жабындысы алынууда. Бул жолдун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдиргендей, долбоор заманбап талаптарга ылайык ишке ашууда. Жол боюнда тротуарлар, велосипед тилкелери жана толук жарыктандыруу системасы каралган. Ошондой эле коопсуздук үчүн айрым кооптуу тилкелерге бөлүүчү тосмолор орнотулат.
Жолду жаңылоо Кара-Суу районундагы тыгындарды азайтып, жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууну ылдамдатууга өбөлгө түзөт.
Иш сапарынын жыйынтыгында мамлекет башчысы тиешелүү органдарга курулушту ушул жылдын аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды. Ал жол курулушунун сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп, бул жол аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин айтты.