Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАзербайжан президенти Алиев Орусияны сотко берүүгө камынууда

Азербайжан президенти Алиев Орусияны сотко берүүгө камынууда

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Казакстандын аймагындагы авиакырсык боюнча 7 айдан бери Орусиядан күнөөсүн моюнга алуу жана компенсация төлөп берүү боюнча так жооп ала албагандыктан эл аралык сотко доо арыз берүүгө даярданып жатканын билдирди.

Бакудан Грозныйга бараткан учак Казакстандын Каспий деңизиндеги Актау шаарына жакын жерге кулап, 38 адам каза болгон. Кырсыктан үч күн өткөндөн кийин Алиев элге кайрылып: “Учакты Орусия атып түшүргөн деп толук ачык айта алабыз. Биз муну атайылап жасалган деп айтуудан алыспыз, бирок атылганы чын,”-деген.

Анын айтымында, учак жабыркаган соң гана Орусия аба мейкиндигин жапкан. Президент окуя боюнча эл аралык сотко кайрылып, акыйкаттык орношун талап кыларын айтты. “Биз балким 10 жыл күтөбүз, бирок акыйкаттык болушу керек”, — деди ал.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар