Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Лев Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгына татыды. Сыйлыкты тапшыруу аземи Санкт-Петербург мамлекеттик консерваториясында өтүп, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катышты.
Эске салсак, сентябрь айында добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Лев Толстой атындагы экинчи Эл аралык тынчтык сыйлыгынын лауреаттары катары Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери — Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев аныкталган.
Үч өлкөнүн башчылары Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө кошкон олуттуу жеке салымы үчүн сыйлыкка ээ болушкан. Тактап айтканда, 2025-жылдын 31-мартында үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кошулган чекити тууралуу келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлган.
Садыр Жапаров өз сөзүндө бул сыйлык Борбор Азияда тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого багытталган биргелешкен эмгектин таанылышы экенин белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө аймак ишенимге, ынак коңшулукка, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жана туруктуу өнүгүүгө негизделген мейкиндикке айланып баратат.
«Чек ара маселелеринин толук жана акыркы чечилиши Евразиянын коопсуздугу жана жалпы геосаясий туруктуулук үчүн абдан маанилүү. Бул ошондой эле биз мүчө болуп турган интеграциялык бирикмелердин жана аймактык форматтардын ролун чыңдайт. Жетишилген макулдашуулар элдерибиздин тынчтыкка, ынтымакка жана жакшы коңшулукка болгон чыныгы умтулуусун айгинелеп турат», — деди Президент.


