Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанды Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ичинен ички дүң продуктунун (ИДП) өсүшү боюнча чемпион деп атады. Бул тууралуу ал Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кеңейтилген курамдагы саммитинде сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы туруктуу өсүүдө. «Бул багытта “бештиктин” ичинен Кыргызстан алдыңкы орунда турат», — деди Владимир Путин.
Ошондой эле Россиянын лидери ЕАЭБдин алкагында өз ара эсептешүүлөр дээрлик толугу менен улуттук валюталарда жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Анын маалыматына караганда, учурда коммерциялык операциялардын 93 пайызы улуттук валюталар аркылуу аткарылууда.
Владимир Путин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалары 2025-жылы да туруктуу оң динамиканы көрсөтүп жатканын айтып, Союздун ичиндеги туризмди өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө ЕАЭБдин бирдиктүү экономикалык мейкиндиги жана КМШнын эркин соода аймагы 730 миллион керектөөчүнү камтыган ири рынокту түзөрүн билдирди. Ал эми ЕАЭБдин алкагында транспорттук каркасты бекемдөө интеграциялык негизги приоритеттердин бири болуп саналат.


