whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.01.2026
-4.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын «Пулково» эл аралык аэропортуна конду.

Президентти аэропорттон Санкт-Петербург шаарынын губернатору Александр Беглов жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусу пландалууда. Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Жыйындарда евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери, соода-экономикалык жана финансылык кызматташтыкты тереңдетүү, каботаждык ташууларды өнүктүрүү, энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле КМШ алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланат.

Сапардын жыйынтыгында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин күн тартибине ылайык тиешелүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.

Гезит

Ааламды кыймылдаткан акча жаатынан…

Доллар – дүйнөдө эң маанилүү валютаАКШ доллары бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн негизги резервдик валютасы болуп эсептелет жана көптөгөн улуттук банктардын валюталык резервдеринин эң чоң...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар